«Бир сөз үчүн камап, соттоп дегенди токтотолу». «Көл жакка» ырынын аткаруучусу ырды өчүргөнүн айтты

«Көл жакка» ырынын аткаруучусу AFTOK ыр анын карамагындагы бардык соцтармактарда өчүрүлгөнүн айтты.

Анын айтымында, айрым адамдар бул ырды баңгизатты жайылтуу катары эсептешип, «соттош керек, камаш керек» дегендер болгон. «Бул тректе эч кандай пропаганда, даңазалоо деген жок. «Кел чеккиле» деген жерим жок. Тамаша катары киргизип коюп, бир күндө тренд болуп кетти. Эми акыркы 3 күндө баары пропаганда деп башташты. Кудай сактасын. Бир бир сөз үчүн камап, соттоп дегенди токтотолу. Ошол сөз үчүн кечирим сурайм. Ырды өчүрдүм. Мага тиешелүү жактардан өчүрдүм. Башкаларга жооп бере албайм», — деди ал.

Related posts

Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды 

admin

Чүйдө айыл аймагынын башчысы УКМКнын кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалды 

admin

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна $394 млн сатты 

admin

Комментарий