“Бишкек суу канал”: Карызы барлар төлөбөсө, анда 4-февралда суу берүүнү чектөөгө аргасыз болот

2024-жылдын аягына карата “Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасынын абоненттеринин карызы дээрлик 145 миллион сомго жетип, анын суммасы өсүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Суу менен камсыздоо жана канализация боюнча карыздар ишкананын иштешине тоскоолдуктарды жаратып, оңдоо иштерин кечеңдетүүдө, ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөдө, суу түтүк жана канализация тармактарын модернизациялоодо, насостук станцияларды жана тазалоочу курулмаларды жаңылоодо. Карыздардын топтолушу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына терс таасирин тийгизип, шаардын суу инфраструктурасынын туруктуу иштешин кыйындатат. Мындан тышкары, жетишсиз каржылоо Бишкектин экологиялык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн.

Суу менен камсыздоо жана канализация кызматына акы төлөө шаардын суу түтүктөрүнүн туруктуу иштешинин негизи болуп саналат. Утурумдук төлөмдөр өз убагында оңдоого, суунун сапатын жакшыртууга жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы абоненттерди тез арада болгон карыздарын төлөөгө чакырат. Төлөнбөгөн учурда 4-февралда саат 10:00дө ишкана учурдагы ченемдерге ылайык карызкорлорго суу берүүнү чектөөгө аргасыз болот.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларга карыздардын топтолушуна жана мүмкүн болгон өчүрүүлөргө жол бербөө менен кызмат акысын өз убагында төлөөнү сунуштайт. Мажбурлоо чараларын күтпөңүз — сапаттуу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сактаңыз!

Related posts

Айыл чарба министрилиги жакынкы арада дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталаарын жана 200 миң уй жасалма уруктандырылаарын кабарлады

admin

«Кумтөр Голд Компани» эки жерде жаңы кендерди ачты 

admin

«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

admin

Комментарий