Кыргыз элимен кечирим сурайм! MCN Coinдин уюштуруучусу кайрылуу жасады

УТРК берген маалыматта Субанбеков МСN Coin иштегенине 1,5 жыл болгонун айткан. Шектүүнүн айтымында, өзүнүн туруктуу блокчейни жок, эптеп эле биржага кирип кеткенин билдирген.  

Ал ошондой эле “криптовалютаны” үч адам түзүп, Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.  

“Өзүбүздүн кызыкчылык үчүн иштеп, элиталык үй алдым, Lexus 570 машина алдым, жалпы жонунан 2,5 млн доллар пайда таптым. Жети облусту кыдырып, мыйзамсыз иштедик. Азыр элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Промоушндардын баарын калп айтып уюштурганбыз. Мунун баары алдамчылык болчу. Жалпы кыргыз элимен кечирим сурайм”, — деди Субанбеков.

Related posts

Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

admin

Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти

admin

Индонезияда питон аялды бүкүлү бойдон жутту

admin

Комментарий