Бишкекте аркан жол системасын киргизүү пландалууда

Флумус шаарында (Швейцария) 30-январында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен аркан-жол тармагы боюнча дүйнө лидери Bartholet Swiss компаниясынын ээси жана президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйында Бишкек мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди.

«Бул шаардын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана эффективдүү транспорттук чечимдерди камсыз кыла турган шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул демилге заманбап жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн негизги фактору болуп калат», — дешти.

Related posts

ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү

admin

Президент Кемпир-Абад, камалгандар жана Бишкектеги ыш көйгөйү тууралуу комментарий берди

admin

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий