Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип, 33 жаштагы киши кармалды. Окуя 17-декабрда, саат 11:45 чамасында мурдагы Чыгыш автобекетинин аймагында болгон. Шектүү эркек аялына 20 жолу бычак сайып, аял тез жардам кызматкерлеринин келишине чейин каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, чыр кызганычтан улам чыккан. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.

Related posts

1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Чүйдө Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезддин вагондоруна таш ыргытып, айнектерин сындырыш

admin

Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

admin

Комментарий