Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 8-11-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Грек-рим күрөш боюнча төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг (10-11-январь күндөрү).

Эркин күрөш боюнча: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг (8-9-январь күндөрү).

Related posts

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, каза болду

admin

Жаңы Зеландиянын аэропорту үч мүнөттөн ашык кучакташууга тыюу салды

admin

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Прокурор шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

admin

Комментарий