Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 29-январда таңкы саат 4төр чамасында дүкөнгө кирип, каракчылык кылган эки жигит бүгүн, 4-февралда кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 29-январда таңкы саат 4төр чамасында Асаналиев көчөсүндөгү дүкөнгө медициналык беткапчан эки жигит кирип келген. Куралга окшош буюм менен коркутуп, андан 10 миң сом жана 30 миң сомдук товарларды алып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр 2000-жылы туулган Д.Р. жана 2004-жылы туулган О.Н. кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

Президент кыргызстандыктарды  Жеңиш күнү менен куттуктады

admin

Ленинград курчоосунда калган 150 баланы баккан Токтогон Алтыбасаровага арналган эстелик ачылды

admin

Комментарий