Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери жолугушту

Бүгүн Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги 54-жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын кызматтардын жетекчилери КР президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, алар ачык жана конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле атайын кызматтардын ролун күчөтүү, алардын ишин өркүндөтүү жана коркунуч күчөгөн шартта мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгы кошумчаланды.

Коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында тараптар уюшкан кылмыштуулукка, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча сунуштарды жана демилгелерди, анын ичинде 2024-жылдын 22-мартында Россиянын Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холлдо” болгон терактты иликтөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары аймактык туруктуулук жана коопсуздукка байланыштуу актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Аны менен катар, катышуучулар көп тараптуу кызматташуу аянтчасынын коопсуздук жаатындагы суроо-талабын белгилешип, КМШ мейкиндигинде мындан ары да, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынынын экинчи жарымы 2024-жылы Казакстанда өтөөрү күтүлүүдө.

Related posts

Кыргызстанда балык жана балык продукцияларынын экспорту былтыркыга караганда эки эсеге  өстү

admin

БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

admin

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

admin

Комментарий