Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук соту келиндин бөгөт чарасын карап, өзгөрткөн. Келиндин учурда ооруканада дарыланып жатканы эске алынып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

9-ноябрда Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы маалым болгон. Жерине барган милиция жаңы төрөлгөн ымыркайды тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ымыркай Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилгенин билдиришкен болчу. Милиция таштандыга ташталган ымыркайдын энесин кармаганын билдирген. Шектүү катары 2002-жылы туулган келин кармалган.

Related posts

Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат

admin

Азия оюндары: Назим Нурланов коло байгеге ээ болду

admin

Оштон кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжадан кармалып, камакка алынды

admin

Комментарий