Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым ыйгарылды

25-ноябрда Бишкектеги төрөтканада 41 жаштагы Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыпова үч эм төрөдү.

Маалыматка караганда, үч эмге президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан коюлган. Алардын ортосундагы ынтымакты үчүнчү эмге беришкен. «Курултай күнү эртең менен саат 09:40та көз жарды. Учурда эне жана балдардын абалы жакшы», — деди абысыны.

Буга чейин түгөйлөр 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.

Булак: Serep media

Related posts

Москвада кыргызстандыктын каракталышы боюнча кылмыш иши козголду

mediaportalk

Айтмат Азамжанович: “Түрк дүйнөсүндө улут сыймыктары Молдо Нияз менен Төрөкул Айтматов даңазаланат” 

mediaportalk

КР Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган КР УКМКнын кыз-келиндер арасындагы мелдеши аяктады

mediaportalk

Комментарий