Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу өчүрүлөт 

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт.

Суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Related posts

Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

admin

Казакстандагы шахтадагы жарылуу: Каза болгондордун саны 42ге жетти

admin

Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин камакка алынды

admin

Комментарий