Бишкектеги балдар клиникасында күчтүү дары-дармектер уурдалган

Бишкектеги балдар клиникасында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташты.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген 1991-жылы туулган жаран аныкталды. Ал кызмат абалынан пайдаланып, «Д» аттуу ЖЧКсынын клиникасынын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.

Баңги каражаттарына түздөн-түз ээ болуу менен шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Кармалган жаранга тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, корутундусу менен укуктук баа берилет. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүлдү

admin

Бишкектеги бир нече кичи автобустардын кыймылы өзгөрдү (сүрөт)

admin

КР УКМК: Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий