Бишкектеги бир нече кичи автобустардын кыймылы өзгөрдү (сүрөт)

18-декабрдан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн участоктогу кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда.

Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде: №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104, №164, №222, №135, №192, №166, №258, №243, №138, №176, №199, №179, №260, №211, №185, №250, №254, №285, №111, №216, №134, №202, №208, №227, №143, №129 жана №240.

Коомдук транспорт боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 0(502) 205-202.

Related posts

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Президент кол койду. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилет

admin

Жо Байден менен жубайы Садыр Жапаровду коноктоду

admin

Комментарий