Бишкектеги стадиондун нааразычылык жараткан отургучтары жаңыланып жатат

6-июнда борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча Улуттук курама командалардын беттеши орун алгандан кийин, башкы аренанын реконструкциялоо боюнча иштери башталган. Буга чейин бул оюнду көрүүгө келген күйөрмандар отургучка төшөө үчүн баштык издеп жүрүшкөнүн айтышкан.

Стадиондун реконструкциялоо иштеринин алкагында трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдолуп түзөлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык суугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар толугу менен жаңыланат. Аталган иштер «Кыргыз Курулуш» Мамлекеттик уюмунун күчү менен ишке ашып, анда Кыргыз футбол биримдиги өз консультативдик кеңешин көрсөтөт. План боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.

Related posts

16-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ооган аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди

admin

Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады 

admin

Комментарий