Бишкектеги жол кырсыгы. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

Бишкекте  жол кырсыгана кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу М.Омор уулу иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Унаасы жагдайлар такталганга чейин айып аянтчасына токтотулду.

Эскерте кетсек, Бишкектин Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 маршрутка менен “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү болсо, бири жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Related posts

Кыргызстанда аномалдуу суук  болушу күтүлүүдө

admin

39 жаштагы Асел Кененбаева министрдин орун басары болду

admin

28-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий