Бишкектен Баткенге убактылуу контейнер үйлөр жөнөтүлө баштады

Бишкек мэриясы Баткенде чек арадагы коогадан кийин үй-жайынан айрылган тургундарга ишкерлердин жардамы менен убактылуу жашай турганга контейнер үйлөрдү жасап жөнөтө баштады. Шаар башкармалыгынын 13-октябрдагы маалыматына караганда, темир контейнерлердин ичинде убактылуу тиричилик көрүүгө тийиштүү шарт түзүлгөн.

Алгачкы 16 үй Баткенге жөнөтүлдү, жакында дагы 12си барат. Жалпысынан 50нү даярдап жөнөтүү пландалууда.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. 

Related posts

«Кой же чочконун эти деп сатышмак». Кытайда миңдеген мышык куткарылды

admin

Кара-Балтада 600 миң сому уурдалган кемпирге акчасы толук кайтарылды

admin

Лейлекте мас күйөөсүнөн токмок жеген келин милицияга кайрылды

admin

Комментарий