«Биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз». Эрбол Султанбаев «Азаттыктын» айланасындагы кайрылууга реакция кылды 

«АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу менен тааныштык. Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат». Бул тууралуу поезиденттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Маданият министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз», — деп айылат маалыматта.

Related posts

КР УКМК: Ош облусунда Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

admin

Азамат! Көзү азиз Хайитхон Хусан кызы Кытайда алтын жеңип, тарых жаратты

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Комментарий