Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москва шаарындагы калыбына келтирүү борборуна дарыланганы кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.
«Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, бат сакайып кетсин», — деп жазды ал.
2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.