Чүйдө аялдар жатын жана эмчек рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүдөн өтө алышат 

Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 25-60 жаштагы аялдар жатын жана эмчек рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акция Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда. «Иш-чаранын негизги максаты — онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоонун, жатын жана эмчек рагын эрте дарылоонун жана алдын алуунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу», — деп белгилешти борбордон.

Акция 25-январдан 27-январга чейин уланат. Текшерүүдөн өтүүнү каалаган аялдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саат 12:00дөн 16:00гө чейин кайрылса болот.

Related posts

Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду

admin

Жол кырсыгына кабылган № 48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал автобусту калыбына келтирет

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Комментарий