Эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды

Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, 6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды.

Эске салсак, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда аял киши эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөнү маалымдалган.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 27 жаштагы Э.А. алган жаракаттарынан улам дароо каза тапкан. Ошондой эле анын 1 жаштагы кызы К.А. ооруканада чарчаган. Ал эми 5 жаштагы кызы Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул окуяга боюнча тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү фактысы аныкталган. Ага ылайык, Кылмыш жана жаза кодексинин (өз жанын кыюуга жеткирүү) 128-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

34 жаштагы М.А. кылмышка шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Related posts

7-февралдан тарта Бишкектеги бардык мектеп жана бала бакчалар офлайнга өтөт

admin

Алымкадыр Бейшеналиев быйыл мамлекеттик мекеме ЭКО жасай баштарын билдирди

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Комментарий