Эл артисти Талгарбек Жакшылыков көз жумду

Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Куйган кыштагында туулган. Ал 1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген. 1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган.

Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон. Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага — Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Related posts

Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

admin

«Баатыр энелердин» балдарына билим берүүдө жеңилдик берилет

admin

Курулуш компаниялар кошумча текшерүүлөрдү киргизүүгө каршылыгын билдиришти

admin

Комментарий