Энергетика каатчылыгы: Өкмөт кыш катаал болорун, жарык өчүрүлөрүн эскертти

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык абал калкты өзгөчө кооптондуруп турат. Суунун тартыштыгы тармактагы каатчылыкты курчутуп, өкмөт бул кырдаалдан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. Бирок кыргыз бийлигинин энергетикадагы абал боюнча маалыматтары бири-бирине каршы келип, чечимдерин улам өзгөртүүдө. Буга чейин энергетика министри кышында электр энергияны берүүдө маселеси болбойт деп келсе, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыш оор болорун эскертти. Ал энергетикадагы абалды жөнгө салуу үчүн жарандарды дагы үч жыл чыдоого чакырды.

Кыш мезгили жакындаган сайын кыргыз өкмөтүн энергетика тутумундагы абал бушайманга салууда. Бул жаатта утур-утур билдирүүлөр жасалып, кырдаалдан чыгуунун айла-амалы каралып жатканын көрсөтүп жатат.

Кышында жарык өчөбү?

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда курган маалымат жыйында быйылкы кышта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганын билдирди. Бирок эгер калктын жарыкты колдонуусу көбөйүп кетсе, көмөк чордондор менен чубалгылардагы чыңалууну азайтуу үчүн эртели-кеч 1-2 сааттан өчүрүүгө мажбур болорун эскертти:

“5 КВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Эч ким 10 КВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Анткени биздеги бир фазалуу линиялар 5 КВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары күйүп кетет. Союз убагында саатына 3 КВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 КВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлардын техникалык шарттары бар, ошого жараша колдонушат, аларды эч ким чектей албайт. Анткени анын колунда документ турат. Кышында чектөөлөр болбойт, эң көп колдонулган учурда гана ошол көмөк чордондо чыңалуу өсүп кетсе, аны башка фидерге которуу үчүн 1,5-2 саатка өчүрүлөт. Бул жөнгө салуучу чара. Биз жашырбайбыз, былтыр да ошондой кылганбыз. Биз эгер антпесек, ошол көчөдөгү трансформатор өчөт дагы, аны кайра кошуп, жаңылатканга 3-4 күн керек болуп калат. Биз ошол убакыттан өтүп кетишибиз керек. 1,5-2 сааттын ичинде эч ким үшүп калбайт”.

Ал эми үч фазалуу абоненттер чарбалык керектөөгө 10 КВт/саат жана жылытууга 7 КВт/саат электр энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Бирок алар дагы электр көп колдонулган эрте мененки жана кечки мезгилдерде керектөөсүн өзү чектөөгө милдеттүү болот. Антпесе, энергетиктер анын уруксат кагазын жокко чыгарат же тартиптик чара көрөт.

Жакында энергетика министрлиги күз-кыш мезгилинде калкка электр энергияны 5 КВт/сааттык чектөө киргизилип, үйдү жылытууда электр мештерин колдонууга тыюу салынарын билдирген. Бул эл арасында кызуу талкууну жаратты.

Энергетика министринин соңку билдирүүлөрү бир ай мурдагы убадаларына коошпой жатат. Маселен, Ибраев 31-июлда «Азаттыкка» курган маегинде аймактардагы өчүрүүлөр ремонт иштерине байланыштуу экенин айтып, кышында өчүрүүлөр болбой турганын убада кылган.

«1-ноябрдан тартып ремонт иштери таптакыр токтойт, анан өчүрүүлөр болбойт. Биз анан кайсы убакта ремонт жумуштарын жүргүзүшүбүз керек?» — деген эле министр.

Арийне, аймактарда жарыктын өчүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда күн алыс жазылып келет.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ГЭСтери. Аталган ГЭСтер өлкөдөгү электр энергиясынын 86% жакынын өндүрөт.

Министр учурдагы каатчылыкты жалпы тармактагы эмес, электр энергиясын өндүрүүдөгү таңкыстык деп атады. Мекеме мындай каатчылыктан чыгуу үчүн алдыдагы үч жыл ичинде бир катар ири ГЭСтерди куруп, жетишпей жаткан 3 млрд КВт/саттан ашуун жарыкты өндүрүүнү жана 2027-жылдан тарта экспортко чыгууну максат кылууда.

Related posts

8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды 

admin

Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

Комментарий