Эртең кыргыз-өзбек чек арасындагы «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы 4 саат иштебейт

Эртең, 6-апрелде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Эртең, 6-апрелде техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайында саат 12:00дөн 16:00гө чейин адамдарды, транспорт каражаттарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү убактылуу токтотулат.

Related posts

Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алды

admin

Кыргызстандагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылды

admin

Баткенде 14 жаштагы Аяна дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

Комментарий