Эрте картайган синдрому менен эң узак жашаган адам каза болду. Ал 28 жашта болчу

Эрте картаюу синдрому (прогерия) менен эң узак жашаган Сэмми Бассо 28 жашында каза болду. Дүйнөдө расмий түрдө бул синдромго чалдыккан 130 адам катталган. Италиянын Прогерияга каршы ассоциациясы Сэмми Бассондун каза болгонун Instagram баракчасында жарыялады.

Сэмми Бассо 1995-жылы Италияда төрөлгөн. Ага эки жашында прогерия диагнозу коюлган. Прогерия менен күрөшүү боюнча италиялык ассоциация 2005-жылы Сэмми Бассондун ата-энеси тарабынан негизделген.

Прогерия – адамдын терисинин жана ички органдарынын эрте картаюусуна алып келген генетикалык патология. Италиянын Прогерия менен күрөшүү ассоциациясы дүйнөдө патологиясы бар адамдардын саны 350гө жетиши мүмкүн экенин билдирди.

Related posts

Съездбек Искеналиев, Урмат Усенов, Азамат Сарыбаев… “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамына ээ болушту

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

Комментарий