Эрте картайган синдрому менен эң узак жашаган адам каза болду. Ал 28 жашта болчу

Эрте картаюу синдрому (прогерия) менен эң узак жашаган Сэмми Бассо 28 жашында каза болду. Дүйнөдө расмий түрдө бул синдромго чалдыккан 130 адам катталган. Италиянын Прогерияга каршы ассоциациясы Сэмми Бассондун каза болгонун Instagram баракчасында жарыялады.

Сэмми Бассо 1995-жылы Италияда төрөлгөн. Ага эки жашында прогерия диагнозу коюлган. Прогерия менен күрөшүү боюнча италиялык ассоциация 2005-жылы Сэмми Бассондун ата-энеси тарабынан негизделген.

Прогерия – адамдын терисинин жана ички органдарынын эрте картаюусуна алып келген генетикалык патология. Италиянын Прогерия менен күрөшүү ассоциациясы дүйнөдө патологиясы бар адамдардын саны 350гө жетиши мүмкүн экенин билдирди.

Related posts

9-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

admin

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын жеңди.

admin

Комментарий