Ибраев: Жарык кечинде бир саатка өчүрүлүп жатат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясы график менен өчүрүлүп жатканын моюнуна алды.

Анын айтымында, саат 17:00дөн 24:00гө чейин нормадан 450-480 мегаваттка ашык колдонулуп жатат.

Кечинде электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жеткенине жана генерациялоочу кубаттуулуктун жетишпегенине байланыштуу бир саатка өчүрүлүп жатат. Биз бир эле аймакты алты-жети саат жарыксыз калтырган жокпуз. Бир сааттан ашык эмес убакытка гана токтотуп, кийин башка линияны өчүрүп жатабыз. Мындай иштер кезек-кезеги менен жасалууда», — деди Ибраев.

Ошондой эле министр электр тогу көп колдонулуп жаткан аймактарды аныктап бүтүп, кечээ өчүрүүлөрдүн графиги жарыяланганын билдирди. Ал график энергетикалык мекемелердин сайттарына чыгып, жергиликтүү бийликке дагы берилгенин кошумчалады.

Related posts

Лавров: Россия менен Кыргызстандын аймактык маселелер боюнча позициясы жакын

admin

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 29-январга карата аба ырайы

admin

ЖМКларда жана интернетте жалаа жапкандарга айып пул салынат. Президент кол койду

admin

Комментарий