ИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин, ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган.

Бүгүн, 14-октябрь күнү Чуй областынын Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Related posts

Акция! Садыр Жапаров ID карттарды 31-августка чейин бекер алмаштырууга болорун айтты

admin

КР УКМК: Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: 20 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

admin

Комментарий