«Карыган ата-энеси келди». Балыкчыдагы жол кырсыкта жабыркаган кыздын атасы тосмо арыз жазып берди

Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын атасы тосмо арыз жазды. Бул тууралуу  кыздын атасы Максатбек Байгазиев өзү билдирди.

Анын айтымында, үйүнө кармалган бир туугандардын ата-энеси бир нече жолу барган. «Бир нече жолу келишти. Кыз 18 жашка чыкканга чейин каралашып, жардам беребиз дешти. Анан эмне кылабыз. Кызым жакшы, аман калды. Кырсык экен. Кечиримдүү болууга туура келди»,— деди ал.

Анын айтымында, кыздын абалы жакшы. «Бүгүн Бишкекке которулду. Жанында апасы бар»,- деди ал.

  • 26-январда саат 14:30 чамасында милицияга белгисиз адам телефон аркылуу Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз унаа сүзүп кеткенин билдирген. Жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган болчу.
  • Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган. УКМК жол кырсыгына шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин маалымдады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүлүп берилген.  Кийинчерээк унаанын рулунда болгону айтылган анын бир тууганы да жумуштан алынган.
  • Кечээ, 28-январда УКМК маалымат таратып, шаардык милициянын мурдагы башчысы менен бир тууганы камакка алынганын билдирди.

Related posts

Ташиев: «Баңгизат сатып, колдонгондорго аёсуз күрөш жарыялайбыз»

admin

КР УКМК: Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы аянты 15,9 га болгон 4 жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды

admin

Камчыбек Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкерине “ЭРДИК” төш белгисин тапшырды

admin

Комментарий