Инвесторлорго жерди алгач 10 жылга, инвестиция салынса 25 жылга берүү сунушталды

Юстиция министри, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов Кытайга болгон тышкы карыз, жерлерди 49 жылга ижарага берүү жана Кытай жарандарын тартуу маселелери боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, жерди 49 жылга ижарага берүү нормасы 1992-жылдан бери колдонулуп келет. Бирок айрым учурларда ижарага алынган жерлерде курулуш иштери жүргүзүлбөй, жөн гана кармалып турган фактылар аныкталган.

Ошондуктан жаңы тартип сунушталууда: жер алгач 10 жылга берилет, инвестиция салынса — 25 жылга, ал эми келишимдеги толук сумма өздөштүрүлгөндөн кийин 49 жылга чейин узартылат. Бул маселе учурда каралууда.

Ошондой эле, Аяз Баетов миграция маселесине токтолду. Маалыматка ылайык, Кытай жарандары Кыргызстанга кирип-чыгуу боюнча 5-орунда турат. Алар визанын негизинде келип, мөөнөтү бүткөн соң өлкөдөн чыгып кетишет.

Келгендердин көбү ири курулуш жана өндүрүш долбоорлорунда иштегендер, туристтердин саны аз.

Тышкы карыз боюнча: Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде Кытайдан 1 млрд 796 млн 853 миң 530 доллар насыя алынган.

Аяз Баетовдун айтымында, 2020-жылдан бери жаңы карыз алынган эмес, тескерисинче 419 млн 840 миң 537 доллар төлөнгөн. Учурдагы карыздын калдыгы 1 млрд 377 млн 12 миң 993 долларды түзөт. Төлөмдөр графикке ылайык өз убагында жүргүзүлүүдө.

Related posts

Азия оюндары: Балбан Бекзат Алмаз уулу жарым финалга чыкты

mediaportalk

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды

mediaportalk

Селекцияда кескиленген келин. Операцияга 45 миң доллардан ашык акча кетери маалым болду

mediaportalk

Комментарий