“Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17 пайыз акциясы мамлекетке өттү

«Күрмөнтү цемент» ишканасынын 93,17 пайыз акциясы Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, УКМК тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) боюнча бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантылууда.

Тергөөдө Асанбек жасалма жана жеке компаниялар аркылуу, Ысык-Көл облусундагы эң ири өндүрүш ишканасынын – мурда жогорку сорттогу цемент чыгарган — Күрмөнтү цемент заводунун ишин көзөмөлгө алгандыгы аныкталган. «Күрмөнтү цемент» ишканасы мындан ары төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында, Камчы Асанбек тарабынан адамдар өндүрүштүк ишкананын банкрот болушуна жасалма шарттарды түзүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ишканада өндүрүштү жандандыруу максатында, (6,83% акция цемент заводунун кызматкерлеринин ичинен жеке адамдарга таандык), «Күрмөнтү цемент» ААКсынын 93,17% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.

Related posts

Быйыл балдын сатып алуу баалары жогорулап кеткенден улам экспортко чыгаруу татаалдашкан

admin

Тоолуу Карабакта орусиялык аскерлерди ташыган унаага ок атылып, аскерлер каза болду

admin

Израиль Иранга ракеталык чабуул жасаганы маалымдалды (видео)

admin

Комментарий