Камчыбек Ташиев Баткенде жыйын өткөрдү

Бүгүн, 21-октябрда Баткен шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек
Ташиев жыйын өткөрдү. Ага күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана
жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы
билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө К.Ташиев кыргыз-тажик чек арасында жаңжалга жол бербеш
үчүн бардык чараларды ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн
жетекчилери кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жеке жоопкерчилик ала
турганын белгиледи.

Related posts

Чүйдөгү эс алуу борбордо 1,5 жыл үй-бүлөсү менен жашаган аял качып кеткен

admin

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда 

admin

Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жетти

admin

Комментарий