«Соттор акча алып чечим чыгарарын коомчулуктун баары билет». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Алар параны кайдан алышат? Биз акча алгандарын кармоого аракет кылып жатабыз. 1 жыл аралыгында болгону 5 сотту кармадык. А биздин өлкөдө 500 сот бар. Алар миңдеген чечим чыгарышат. Алардын көбүнөн акча алышат. Биз ага чара көрүшүбүз керек. Соттордун кимге чечим чыгарып жатса, ошону менен байланышы болот. Булар адвокаттар. Адвокаттар ортодо акча беришет. Адвокаттар өзүлөрү пара ташып, кылмыш кыла баштады. Демек, биз адвокаттарды да тартипке салышыбыз керек», — деди ал.