Кара -Сууда калкты каттоо департаментинде мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР СӨМгө караштуу Калктты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндөгү (Ош областы, Кара-Суу району, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери  С.З.Ш.  калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча каражатын чогултуп келгендиги такталган.     

Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, КР Кылмыш-жаза  кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

   

Related posts

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды

admin

Ташкентте 14 жаштагы өспүрүм тууганын мылтык менен атып салды

admin

Комментарий