Кеминде Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди 

Калкты тейлөө борборунун ачылышына Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев баштаган жетекчилер катышты.

Жаңы имараттын жалпы аянты 1168 чарчы метр. Анын ичинен 600 чарчы метри Калкты тейлөө борборуна берилген. Кардарларды тейлөөгө бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Маалымат берүү терезесинен тартып, балалуу энелерге ыңгайлаштырылган бөлмөлөргө чейин эске алынган. Тейлөө негизинен электрондук тартипте жүргүзүлөт.

Мекемени тааныштыруу учурунда мурдагыдай тыгылышып, кезек күтүп, ар кайсы архивдин эшигинде жүрбөй бардык зарыл-керек документтерин ушул эле имараттын ичинен бүтүрүп алышса болору айтылды. Ал турсун башка жактан келгендер да өзүнө керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди.

Related posts

Газпром Кыргызстан”: Бишкек жана Чүйдө калкка газ берүү токтотулбайт

admin

Коомдун өзөгүн иштермандар кармап турат! Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

admin

Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

admin

Комментарий