Кинорежиссер Марат Сарулу дүйнө салды 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер,кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.

Анын А.Абдыкалыков жана А.Алишеров менен биргеликте жараткан “Бешкемпир” тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында “Күмүш илбирс”, Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия кинофестивалында Гран-при (1998) жана дагы 18ден ашуун эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Анын “Мария”, “Акыркы көч”, “Эне” жана башка көркөм, даректүү тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Related posts

УКМК: Бишкекте синтетикалык  баңги заттарын жеткирүүчү эл аралык канал аныкталды

admin

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотов каза болду. Некролог

admin

КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий