Кыргызстанда 8-мартта 75 мас айдоочу аныкталды 

 Кыргызстанда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө 75 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, майрамда 2 миң 419 жол эрежесин бузуу катталды.

Анын ичинен айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу боюнча 63 айдоочуга протокол толтурулуп, 998 айдоочу жогорку ылдамдыкта айдаганы аныкталган. Мындан тышкары, 242 унаа айып короосуна токтотулган.

Эскерте кетсек, өлкөдө 8-марттан тартып мас абалында унаа башкарууга айып пулдун суммасы көбөйтүлгөн.

Related posts

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Чет өлкөлүк студенттерди карактаган шектүүлөр кармалды

admin

Сирияда согушкан Жизактын тургуну мекенине кайтарылды

admin

Кар жаайт. 22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий