Кластердик бирикме картошканын экспортуна тыюу салбоо өтүнүчү менен кайрылышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коңшу өлкөлөрдө картошканын тартыштыгы байкалып жана өлкөдө аталган азык түлүккө болгон бааны туруктуу кармоо максатында картошканын экспортуна чектөө киргизүү маселеси каралып жаткандыгы тууралуу билдирген.

Буга байланыштуу “Картофель” кластердик бирикмеси картошканын экспортуна тыюу салбоо өтүнүчү менен министрликке кат жолдошкон.

-Картошкага болгон кирешелүү баа 5-6 жылда бир болот. Дыйкандар жыл сайын чоң киреше таба беришпейт. Бул жылы тапкан жогорку кирешеси мурдагы жылдардагы чыгашасын толуктап алганга мүмкүнчүлүк түзүп берет, — деген жүйөө келтиришкен.

Related posts

Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

admin

Бишкектеги заводдон чыккан өрт фактысын милиция текшерип жатат

admin

Кыргызстанда кар жаайт — 15-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий