Бишкекте «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун жактоочусун кармады

Терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун идеологиясынын жактоочусу кармалды.
Тактап айтканда, борбор калаанын 22 жаштагы тургуну К.Д. Интернет тармагындагы радикалдуу диний дааватчылардын («Саид Бурятский», «Абу Умар Саситлинский», «Абдуллах Костецкий») таасири астында радикалдык-жихадисттик идеологияга аралаша баштаган.
Кийин Кыргызстанда тыюу салынган «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» террордук уюмунун идеологиясын колдой баштаган, «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» уюшмасынын катарына кошулуу үчүн Сирияга баруу ниетин билдирип, ал үчүн «Ислам мамлекетинин» (Халифа) (баят) амирине берилгендик менен ант берип, бир нече видео кайрылууларды даярдаган.
Кармалган адам «фейк аккаунттарды»колдонуп, социалдык тармактарда «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» уюшмасынын идеологиясын үгүттөгөн материалдарды, ошондой эле терроризмди эл алдында актаган жана террористтик ишмердүүлүккө чакырыктарды камтыган видеотасмаларды системалуу түрдө тараткан. Кылмыш ишинин алкагында К.Д. аттуу жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул жагдайда УКМК терроризмди пропагандалоо сөз эркиндиги эмес, кылмыш экенин белгилейт. Чындыгында адилеттүүлүк, ыйман жөнүндөгү кооз сөздөрдүн, цитаталардын артында коркунучтуу ойлор катылган. Террордук уюмдардын идеологдору тарабынан үгүттөө, жалдоо, зордук-зомбулукту даңазалоо, “жихадга” чакыруулар чыныгы ишеним катары көрсөтүлүүдө. Көбүнчө мындай материалдар интернет аркылуу («Telegram», «Instagram», «Tik-Tok», «You Tube», «Facebook») таратылат. Алар чындык катары көрсөтүлөт, бирок чындыгында бул кылмыштуу пландарды ишке ашыруу үчүн массага таасир этүүнүн жана башкаруунун (манипуляциянын) бир жолу болуп саналат.
Буга байланыштуу УКМК жарандарды ДЭУнун радикалдуу дааватчыларынын жана жалдоочуларынын тармактарына түшүп калбоо үчүн сак болууга, диний билимдерди анык булактардан алууга чакырат.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 990 га жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Токмокто 61 жаштагы киши алдамчыларга 2 тонна балыгын алдырып жиберген

admin

Комментарий