КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду

КР УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча УКМК төрагасынын жакын туугандарынын фамилиясын пайдаланып жүргөн С.А.Б. аттуу КР жараны кармалды.
Такталгандай, аталган С.А.Б. аттуу жаран КР УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экенин жүйө келтирип, КР УКМК төрагасына кабыл алууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен, ошондой эле «Silk-Way» индустриалдык паркынын аймагындагы бир нече соода түйүндөрүн сатып алуу боюнча маселелерди чечүүдө 50 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты, анын ичинде 20 миң АКШ долларын түзгөн автоунааны өзүнө ыйгарып алган.
2025-жылдын 25-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында С.А.Б. кармалып, КР ЖАКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Related posts

Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча мурдагы башчы кармалды

admin

31-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

Комментарий