КР УКМК: Куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды

КР УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында «Тайота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаага кол салуунун дагы бир катышуучусу, мурда бир нече жолу соттолгон КР жараны И.С.Д.ны кармады.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 27-январында “ИГВХ” эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү акча каражаттарын алуу максатында беткап жана камуфляж кийимдерин кийип алып, Кара-Суу районунун Жым айылындагы Айткулов көчөсүндөгү N48 үйдүн короосунда турган “Тойота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү унаага куралдуу кол салышкан, бирок каалаган натыйжага жетпей, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Related posts

ЖРТнын жыйынтыгы: Ысык-Көл «Алтын сертификатка» илинбей калды

mediaportalk

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

mediaportalk

Суучул Денис Петрашов АКШнын ачык чемпиондугунда алтын алды

mediaportalk

Комментарий