КР УКМК: Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында мурда ишкерлерден акча талап кылган деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: С.И.А., Н.Р.Х. жана А.Б.Т. кармалды.
Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар кылмыштуу идеологияны активдүү карманып, Ноокен районунун тургундарынан акча талап кылып келишкени, алардын айтымында, бул акча түзөтүү колонияларында кармалган адамдарды колдоо үчүн колдонулганы аныкталган.
Ошондой эле кармалгандар физикалык жана психологиялык басымды колдонуу менен жабырлануучуларды өздөрүнүн жеке жактарына катталган ири суммадагы кредиттерди төлөөгө мажбурлашкандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалгандар К. Көлбаевдин, «Чач» каймана аты бар Э.Мурзахметовдун колдоосуна ээ болуп, уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экендиги, 2022-жылы кармалгандардын бири, «Рокки» каймана аты бар Н.Р.Х. Ноокен районунун «смотрящийи» болуп дайындалгандыгы аныкталган.
КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы аталган адамдардын аракеттеринен жабыркаган болушу мүмкүн болгон жарандарды 0 (3722) 5-60-49, (WhatsApp) — 0995 01-22-10 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Related posts

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9 кишиге жетти

admin

Мурдагы министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта болот

admin

УКМК: Таласта салык кызматынын бөлүм жетекчиси пара менен кармалды — ВИДЕО

admin

Комментарий