КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

2024-жылдын 19-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды.
Аталган тоннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган.
Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 смди түзөт.
Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жарандарды жана жеке жактарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (whatss app/telegram) байланыш номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.

Related posts

“Телефонун алып койгонун айткан”. Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген

admin

«Түкүрүп-какырбагыла, бут кийимиңерди тазалагыла». Акылбек Жапаров шаарда кандай жүрүү керектигин айтты

admin

Коррупциялык иш: Укук коргоо органдарынын иликтөөсү

admin

Комментарий