КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

 КР УКМК жүргүзгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында мамлекеттин балансына Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын "Жамантала" тилкесинде жайгашкан, баасы 44 млн.150 миң сом, жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар "Ысык-суу" дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту кайтарылды. 
   2005-жылдын май айында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жараксыз абалга келген деген шылтоо менен аталган объектини «Аккабак-Сулайман Н+» жеке фондуна убактылуу пайдаланууга өткөрүп бергени аныкталган.
   Андан кийин убактылуу пайдаланууга гана берилгенине карабастан, «Аккабак-Сулайман Н+» фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен аталган кыймылсыз мүлк объектисине менчик укугун кыймылсыз мүлктү каттоо органдарынан каттоодон өткөргөн.
   Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан «Ысык-Суу» заманбап ден соолукту чыңдоо комплексин курууга инвестор тартуу маселеси каралууда.
   Белгилей кетсек, минералдык булагы бар "Ысык-Суу" дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту 1991-жылы нерв, таяныч-кыймыл системасын, боорду, семирүүнү, ичеги-карын ооруларын, тери ооруларын дарылоо үчүн курулуп пайдаланууга берилген.

Related posts

КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

11-апрелге карата аба ырайы жылуу жана жаан-чачын күтүлбөйт

admin

Кыргызстанда 8 миңге жакын адам баңгизатка көз карандыларды

admin

Комментарий