Кыргызстан менен Кытай соцкамсыздандыруу жаатында жаңы макулдашууга жетишти

КР Социалдык фонду менен Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлиги мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча жаңы макулдашууга жетишти.

Соцфонддон билдиришкендей, бүгүн Бишкекте өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаңы макулдашуунун деталдарын, анын ичинде аны кароо мөөнөттөрү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар 2003-жылдан бери кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында биргелешкен иштерди жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана ишкердик маанайда өттү.

Related posts

УКМК Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схеманы аныктады

admin

Президент тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду 

admin

Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

admin

Комментарий