УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды 

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 51 жаштагы Болотбек Тиллебаев буга чейин УТРКнын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап келген.

Related posts

Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

admin

18-20-февраль күндөрү кар көчкү жүрүшү мүмкүн

admin

Аскарбек Жаныбеков: дыйкан-фермерлерге 3,4 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

admin

Комментарий