Кыргызстанда коронавирустун дагы 85 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 28 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.

Катталгандардын ичинен 18и вакцинанын экинчи дозасын алган.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 73, ооруканада 12 адам дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учур катталган.

Related posts

23-апрелге карата аба ырайы

admin

«Байларды, инвесторлорду чакырам». Садыр Жапаров Ысык-Көлдө 15 пансионат ижарага берилерин айтты

admin

Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө болду

admin

Комментарий