Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган

Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 12 бала дарыланууда, анын төртөө чет өлкөлөрдө терапиядан өтүп, калганы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан зарыл дарыларды алып жатканы айтылды.

«Учурда жүлүн атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди министрлик.

Ошондой эле Жогорку технологиялар фондунун эсебинен рисдиплам препараты сатып алынары кошумчаланды.

Эске салсак, дал ушул дарт менен жабыркаган балага каражат чогултулуп, аз убакытта керектүү 170 миллион сом топтолуп, ашканы башка балдарга берилери айтылган. Бул окуя Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутат Советбек Рустамбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн илдет тууралуу тиешелүү жооп ала албаганы үчүн адистерди сындаган.

Related posts

8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

admin

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

Жогорку Соттун төрагасы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалымдалды

admin

Комментарий