Кыргызстандагы айрым банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту 

Кыргызстандагы «Компаньон», «Дос кредо банк» жана «Бакай банк» Орусиянын «Мир» банктык картасын тейлөөнү токтотушту. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылды. Карталарды тейлөө качан жаңыртылары тууралуу маалымат жок.

23-сентябрда Өзбекстанда Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөө токтотулганын Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлаган. Ага чейин 21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын «Мир» карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank банктарында да аталган карта иштебей калган.

Related posts

КР УКМК: Балыкчы шаарында 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Бүгүн Ош шаарынан ажылык сапарга алгачкы топ жөнөп кетет

admin

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

admin

Комментарий