Кыргызстандагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылды

Бүгүн Кыргызстандагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 млнго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду. 

Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды.

Related posts

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Эртең президенттик балаты өтөт. Ага 650гө жакын бала катышат

admin

Бишкекте жана Сокулукта окуучулар 2 күн онлайн окууга өтөт

admin

Комментарий