Кыргызстанга «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-октябрда жаңы «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышты.

Мамлекет башчысы базанын инфраструктурасы жана учкучсуз учуучу аппараттардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен таанышты. Садыр Жапаров өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын белгиледи. Ал аскердик базада колдонулуучу заманбап, жогорку технологиялык учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн кызматты камсыз кылуучу техникалар жана жабдыктар мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болорун баса белгиледи.

Президент аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров жоокерлердин ар биринде Айкөл Манас атабыздын руху болуусун каалап, насаат сөзүн айтты: базанын техника менен куралдарын натыйжалуу жана аяр пайдалануу.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы Түркиянын жараны, Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Даңк» ордени менен сыйлады.

Related posts

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ленин районундагы шайлоо. Алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты

admin

Шашылыш билдирүү: 16-18-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

admin

Комментарий